Ош шаардык сотунун судьясы Кымбат Бекчанова мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулду. Муну бүгүн, 13-ноябрда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.