Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөт. Саат 11:00дө “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде жазуучунун эстелигинин ачылышы болот. Ал эми саат 15:00дө Улуттук филармонияда эл аралык форум өтөт. ЖКнын бүгүнкү жыйынында депутат Каныбек Иманалиев депутаттарды бул иш-чараларга катышууга чакырды. Депутаттын айтымында, отурумга катышуу үчүн 10 өлкөдөн делегация келди. Иш-чараларга өлкө башчы, премьер-министр, төрага жана жазуучунун жакындары, санаалаштары катышат.