Парламенттин 14-ноябрдагы жыйынында депутаттар Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркайдын уурдалышы боюнча маселе көтөрүштү. Бөдөш Мамырова бул окуя боюнча тийиштүү адамдарды парламент жыйынына чакырып, маалымат угууну сунуштады.
“Бул төрөт үйүндө чуулгандуу окуялар мурда да болгон. 3 кызматкерди үй камагына чыгарганын айтышууда. Кылмышкерлер өлкө ичинде жүрүп эле ушундай иштерди жасап жатышат. Эми кылмышкерди сырттан издешүүдө, ал ушул жерде эле жүрөт. Баланы төрөт үйүнөн кантип алып чыгып кетет? Тийиштүү адамдарды чакырып, маалыматын угалы”,- деди.
Сунуш күн тартибине киргизилди.