13-ноябрда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликтин түштүк аймагындагы аскер кызматкерлери менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Алгач министр менен болгон 2 сааттык маектешүүдө аскер кызматкерлери көйгөйлөрүн айтышып, тиешелүү жоопторду алышты. Жолугушууда негизги көтөрүлгөн маселелердин катарына аскер кызматкерлеринин маянасынын аздыгы жана турак жай менен камсыз кылуу маселелери болду.
Жолугушуудан кийин Боронов министрликтин республикалык өзүнчө куткаруу отрядына барып, жоокерлердин кийген кийимдери, жаткан жайлары жана тамак-аштары, жашоо шарттары менен таанышып, жоокерлер менен жакындан пикир алышты. Андан ары министр аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыктарын текшерип, алардын куралдан ок атуу жана машыгып туруучу жерлерин да көзөмөлдөп, аскерлердин ок атуусуна күбө болду.