"Талибан" кыймылы аялдар катышкан телеберүүлөрдү, сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салды
Ооганстанда "Талибан" кыймылы бир нече телеберүүлөрдү, анын ичинде аялдардын катышуусундагы программаларды көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө телевизиондук бардык маалымат каражаттары теле берүүлөрү шариятка жана адеп-ахлак нормаларына каршы келбөөсүн, оюн-зоок көрсөтүүлөрү калктын диний сезимдерин кемсинтпөөсүн, журналист айымдардын башына жоолук салынышын көзөмөлдөшү керек.
Ошондой эле аялдардын катышуусундагы телесериалдарды көрсөтүүгө тыюу салынат. Эркектер же аялдар жарым жылаңач тартылган тасмаларды жана клиптерди көрсөтүүгө да тыюу салынат.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Булар аялдарды деги адам катары санашпайт го. Бир айбан, жаныбар, колдонулуучу буюм катары корушот окшойт бир болсо. Али бийлигин бекемдеп алса коробуз, бут нерсени тыйышат кургурлар. Илимден, онугуудон артта калышат.
0
uli1234
2021-11-23 12:13:17
Талиптер айбанда, талибдерге жан тарткан биздин молдолордуда айдаш керек ошол жакка. Ошолордун жашоосу жакса жашап корсун барып
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.