Алматыда үйдүн 9-кабатынан 3 наристесин ыргытып, андан кийин өзү секирген келиндин коңшулары: "Бул үй-бүлө эч ким менен сүйлөшчү эмес"

Алматыда үч наристеси менен кошо 9-кабаттан боюн таштаган келиндин кошуналары ал жөнүндө айтып беришти. Алардын айтымында, бул үй-бүлө эч ким менен сүйлөшчү эмес. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

"Өз көзүм менен бул окуяны көргөн жокмун, бирок кошуналарымдын айтуусунда, ал алгач 3 баласын ыргытып анан өзү секирген. Биз бул үй-бүлө менен сүйлөшчү эмеспиз, ал тургай подъезддин ичинен саламдашпай өтчүбүз. Алар кадимкидей эле жашашчу өзгөчө деле баса белгилеп айтчу эч нерселери жок экен. Болгону 8-кабатта жашаган кошунам аларга арызданып калчу", - деп айтып берген келиндин кошунасы.

Бул үй-бүлөнүн дагы бир коңшусу буларга токтолгон: "Жерде үч бала жатты, дарыгерлер өмүрлөрүн сактоого аракет кылышты, бирок экөө ошол жерден каза болгону аныкталды. Балдар жылаңач болчу. Мен аларды көргөндө абдан жаман болуп кеттим, ата-энелердин балдарына жасаган ушундай мамилеси кейитпей койбойт", - деген ал.

Көпчүлүк кошуналары бул үй-бүлө тууралуу толук эч нерсе билбейбиз деп айтып беришкен.

Айта кетсек, Алматыда 28 жаштагы келин 9-кабаттан алгач балдарын ыргытып, андан кийин өзү секирип кеткенин ачык булактар жазып чыгышкан. 2 баласы менен кошо өзү ошол жерден жан берип, бир баласы ооруканага жетпей каза болгон. Наристелер 2015, 2016 жана 2019-жылы туулган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2021-11-23 09:46:38
Акмак тозоко түшкүр, наристелерде эмне күнөө, өлө бербейсиңби өзүң!!!
+5
Gulina00
2021-11-23 10:31:52
Байкуш балдарга жаман болуптур,озу олуп балдарын атасына таштабаптыр,мин урушсанда балдарды олтургонго кантип колу барды.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан