Бүгүн, 14-ноябрда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнүн ачылышы болуп өттү. Ага бир катар маданият, бийлик өкүлдөрү да катышышты. Салтанаттуу иш-чаранын ачылышында казак элинин акын, жазуучусу Мухтар Шаханов буларга токтолду:
“Чыңгыз Айтматовдой инсан кайра жаралбайт. Ал бир гана кыргыз элинин эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн улуу инсаны”.
Иш-чарада Ч.Айтматов тууралуу эскерүү сөздөрү айтылды.