Бүгүн, 14-ноябрда парламент жыйынында депутат Эркин Сакебаев тоолуу аймактардагы мектептердин абалы менен билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун кабары жок экенин айтты. Чүй облусуна иш сапары менен барганын билдирген депутат: “Үч-Эмчек айылындагы мектеп авариялык абалда. Балдар картон жана фанерадан турган суук мектепте окууну улантышууда. Министр жылуу иш бөлмөдө отуруп, жылуу унаада жүрүп аны билбейт. Ошол мектепке барып 45 мүнөт отуруп көрсүн, ошондо түшүнөт”,- деди.