Бишкектеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалынын ачылыш салтанаты өтүүдө. Мемориалдын курулушу жазуучунун уулу Элдар Айтматовдун жеке каражаты менен башталып, каржы тартыштыгынан токтоп калган эле.
Мемориалды бүтүргөн “Бедис АРТ” ишканасынын башкы директору Зоя Никитенко президент Алмазбек Атамбаевге жетишпеген 2,5 миллион сом бөлүп берүүсүн суранып кайрылган. Президент жеке каражатынан 1 миллион сом бөлүп бергени айтылды. Мемориалдын ачылышы жазуучунун юбилейине карата “Чыңгыз Айтматов жана анын Ысык-Көлү” аттуу форумдун алкагында өтүүдө. Салтанатка Алмазбек Атамбаев, өкмөт мүчөлөрү, жазуучунун жакындары, жергиликтүү жана чет элдик маданият ишмерлери катышууда.