Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Кумтөрдөн” 3 миллион доллар талап кылды деп айыпталган Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок. Алар мындан ары да камакта болот. Судья Алмазбек Молдобаев айыпталуучулар оор кылмышка шектелип жатканы үчүн аларды үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылбаганын билдирди.
Эске салсак, 29-ноябрда УКМК аталган адамдардын “Кумтөрдүн” өкүлү Дуглас Гриер менен болгон сүйлөшүүсү жашыруун тартылган видеотасманы коомчулукка жарыялаган. Тасмада азыркы айыпталып жаткандардын Гриерден 3 миллион доллар талап кылганы көрсөтүлөт.
Бул факты боюнча 29-августта кылмыш иши козголуп, айыпталгандар СИЗОго киргизилген.