Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Түштүк Кореяга барат
18-ноябрдан-20-ноябрга чейин президент
Алмазбек Атамбаев Түштүк Кореяга расмий
иш сапары менен барат. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапарда Атамбаев Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе жана Кореянын Улуттук Ассамблеясынын спикери Кан Чан Хи менен жолугушат. Жолугушууда эки тараптын саясий, маданий жана экономикалык байланыштары тууралуу сөз болот. Мындан тышкары бир катар маанилүү документтерге кол коюулар болушу күтүлүүдө.