Швециянын премьер-министри шайлангандан бир нече сааттан кийин отставкага кетүү арызын жазды

Швециянын биринчи айым премьер-министри Магдалена Андерссон Жашылдар партиясынын коалициядан чыгышына байланыштуу шайлангандан бир нече сааттан кийин отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андерссон маалымат жыйында: "Мен анын мыйзамдуулугунан шектенүүгө негиз бар өкмөттү жетектөөнү каалабайм", - деген. Ал парламенттин спикери Андреас Норленге өзүнүн Социал-демократиялык эмгек партиясы гана өкүл боло турган бир партиялуу өкмөттү жетектөөгө даяр экенин билдирген.

Норлен болсо премьер-министрдин кызматтан кеткенин ырастап, кырдаалды талкуулоо үчүн башка партиялардын лидерлери менен байланыша турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
CAPATAH
2021-11-25 19:22:17
Охоо,мына чындык,калыстык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан