Парламенттин 14-ноябрдагы жыйынында депутат Надира Нарматова менен Дастан Бекешевдин ортосунда талаш чыкты. Бекешев мамлекеттик кызматкерлерге класстык чин берүүнү жокко чыгарууну демилгелөөдө. Нарматова “сиз өзүңүз чиндерди алып алгандан кийин элге каршы мыйзам демилгелеп жатасыз. Бул наамды алуу үчүн мамлекеттик кызматкерлер аракет кылып иштешет. Кеп 2 миң сомдо эмес, аларга моралдык стимул болот”,- деди.
Буга Дастан Бекешев “мага тийишип калдыңыз жооп берейин. Мага чинди атайын комиссия берген, алар кандай критерийлер менен мага берүүнү чечип, сизге бербей калганын мен билбейм. Мага наам бергиле деп сураган эмесмин”,- деп жооп берди. Бекешевдин айтымында, кызматкерлерге класстык чин берүү ыкмасы өзүн актаган жок. Башка механизм ойлоп табууга учур келди.
Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.