Ушул тапта Орусиянын Кемерово облусунда куткаруучулар "Листвяжная" шахтасында камалып калган 48 шахтёрго жетүүгө аракет кылып жатышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда жер астында 287 адам болгон. Кенчилердин айрымдары эвакуацияланып, 46 адам жабыркаган, алардын экөөнүн абалы оор, 9 адам каза болду. Учурда 400 метр тереңдиктеги шахтада 48 адам камалып турат.
Камалып турган 48 адамдын абалы белгисиз, байланышуу мүмкүн болбой жатат.
Бул кырсык боюнча кылмыш иши козголду.