
Екатеринбургда жеңил унаа менен коммерциялык автобустун айдоочуларынын ортосунда чыр чыкты. Анда автобустун айдоочусу жеңил унаанын айдоочусун бычак менен коркутканын орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Екатеринбургда жеңил унаа менен автобустун айдоочулары жол талаша кетип, экөөнүн ортосунда жаңжал чыкты. Жаңжал 16-ноябрда орун алып, окуяны күбөлөрдүн бири видеого тартып алган. Окуя болгон күнү айдоочулардын бири да милицияга кайрылган эмес. Бирок видео социалдык тармактарга жарыяланып, милиция ага көңүл буруп, эки айдоочуну тең тапкан.