Лиранын куну түшүп, бензин кымбаттап... Түркияда жарандар май куюучу жайларда узун кезекке турушту (фото)

Түркияда улуттук валютанын (лира) куну түшүп жаткан маалда күйүүчү май кымбаттап, май куюучу жайларда узун кезек жаралды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түркиянын энергетика, күйүүчү май жана газ менен камсыздоо станцияларынын иш берүүчүлөр биримдиги бензин, дизель майы жана суюлтулган газдын баасы орто эсеп менен 1,02 лирага (0,0834 доллар) жогорулай турганын билдирген. Баалардын өсүшү менен май куюучу жайларда узун кезек жаралды. Ал тургай май куюучу жайларда узун кезекке турган унаа ээлеринин ортосундагы кагылыштар болуп жатканы жазылат маалыматта.
Буга чейин түрк лирасынын куну түшүп Стамбул менен Анкарада нааразычылык акциялары өткөн. Ал тургай митингчилер өкмөттүн отставкасын талап кылышкан.
"Шаршембиге чейин 11 сессияда лира долларга карата рекорддук эң төмөнкү чегине жетти жана бул жылы 45 пайызга чейин наркын жоготту. Бул жоготуулардын жарымына жакыны өткөн аптанын башында болгон", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан