Армениянын премьер-министри Никол Пашинян армениялыктарды "Карабах ансыз деле Азербайжандыкы" деген пикирге көнүүгө чакырды. Бул тууралуу премьер-министр жыйында айтканын чет элдик басылмалар жазышты.
"Карабах Азербайжандыкы. Биз отуз жыл бою өзүбүздү алдап келдик, акыры болчусу болду", - деген Пашинян.
Ошол эле учурда жыйынга катышкан коомчулуктун өкүлдөрү премьер-министрдин бул сөздөрүнө комментарий берүүдөн баш тартышкан.
1993-жылдан бери Армениянын оккупациясы алдында калган Карабахты 2020-жылы 44 күн ичинде Азербайжан өзүнө толугу менен кайтарып ала алган. Дээрлик 1 жарым айга чукул согушта Армения 3 миң 788 аскерин жана жарандарын жоготсо, Азербайжан тараптан 2 миң 908 адам каза болгон.