Тажикстандын Бадахшан облусунун административдик борбору Хорог шаарында 25-ноябрдан бери элдик нааразычылык акциясы өтүүдө. Бүгүн, 27-ноябрда абал курч бойдон экендигин Тажикстандын күч түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясы бейшемби күнү 29 жаштагы жергиликтүү тургун Гүлбиддин Зиёбековду полиция кармап жаткан жеринен каза болгонуна байланыштуу башталган. Хорогдо кырдаал курч бойдон калууда, Хорогдогу нааразычылык акциясына чыккандардын айрымдары талаптарын аткарууну талап кылып, 25-ноябрдын кечинен бери тарай элек. Митингчилердин өкүлдөрү менен сүйлөшүү аракетинен азырынча жыйынтык чыга элек. Жума күнү кечинде митингчилер беш укук коргоо кызматкерин жарадар кылып, алардын кызматтык куралдарын тартып алышкан.
Тоолуу-Бадахшан автономиялык облусунун прокуратурасы 25-ноябрда Шохдар айылында укук коргоо органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 181-беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деген айып менен издөөдө жүргөн Зиёбековду кармоо операциясы жүргүзүлгөнүн тастыктады. Ага Тажикстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүмү "уюшкан кылмыштуулук" жана 3-бөлүмү "улуттук, расалык, аймактык же диний кастыкты козутуу" боюнча күнөө коюлган.
Бейшемби күнү кечинде Гүлбиддин Зиёбековдун жакындары жигиттин сөөгүн Хорог акимчилигинин алдындагы аянтка алып барып, камакка алуунун жана өлтүрүүнүн себебин айтууну талап кылышкан. Аларга жергиликтүү тургундар да кошулган. Ошондон кийин окуяга күбө болгондордун айтымында, тартип сакчылары жыйында ок чыгара башташкан.
Тажикстандын ИИМинин маалыматы боюнча, бейшемби күнү камакка алуу учурунда Зиёбеков укук коргоо кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүп, мыйзамсыз алып жүргөн тапанчадан ок чыгарган. Ал жооп кайтарган октон жарадар болгон. Бирок айрым маалыматтарга караганда, Зиёбеков кийин ооруканада каза болгон.
Азырынча толкундоодон үч адам көз жумганы белгилүү болду.