Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин расмий өкүлү Эндрю Макфарлейн People журналына берген маегинде анын сейфинин сырын ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн тар чөйрөсүнө кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген сейфте ханышанын да, анын туугандарынын да расмий тастыкталган керээздери бар. Кампада мөөр басылган конверттерде 30дан ашык документ бар. Виндзордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири каза болгондон кийин, анын керээзи ачыкка чыгат. Конверт андан ары сейфте сакталбайт", - деди Макфарлейн.
Эскерте кетсек, сентябрда Елизавета II 12-жолу чоң эне болду. Британ тактысынын мураскору катары тогузунчу орунду ээлеген 33 жаштагы ханбийке Йорк Беатрис 18-сентябрда кызын төрөдү. Салмагы 2,77 килограмм болгон кыз саат 23:42де Лондондогу төрөт үйүнүн биринде төрөлгөн. Ал тактыга мураскор катары 11-болуп калды.