Жогорку Кеңеште бүгүн, 14-ноябрда мамлекеттик кызматкерлерге класстык чиндерди берүүнү жоюу боюнча сунушталган мыйзам долбоору добушка коюлуп, колдоо таппады. Мыйзамдын демилгечиси класстык чиндерди берүү ыкмасы өзүн актабаганын айтып чыккан эле. Бүгүнкү талкууда көпчүлүк депутаттар чиндер берилиши керектигин, анткени жаштар ушул чин алуу үчүн умтулуп иштей турганын айтышкан эле.