Ош. Активдүү жаштар сыйланышты

Бүгүн, 14-ноябрда Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов жана шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабиров 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата жана 17-ноябрь - Эл аралык студенттер күнүнө карата шаардын жаштарын куттукташты. Салтанаттуу иш-чарага активдүү жаштар катышты. Аларга Ардак грамота, стипендия жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Ошондой эле, салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жаштар шаар башчы менен коомчулукта болуп жаткан көйгөйлөрдү ачык-айкын айтып, суроо-жооп орун алды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан