ДССУ: "Коронавируска каршы эмдөө жылына бир жолу талап кылынат"

Коронавируска каршы эмдөө жылына бир жолу талап кылынат. Мындай пикирин Бүткүл дүйнөлүк медициналык ассоциациянын төрагасы Франк Ульрих Монтгомери билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Кайра эмдөө алуу иммундук коргонууну жогорулатат. Бирок ал канчага созуларын азырынча так айта албайбыз. Балким, жыл сайын кайталап туруу керек", - деп билдирген ал.
Маалыматта айтылгандай, эмдөө күбөлүктөрүнүн жарактуу мөөнөтү бар, эгерде жаран өз убагында кайрадан эмдөөдөн өтпөсө, күбөлүктөрүнүн мөөнөтү белгилүү бир учурда бүтөт.
Айта кетсек, Германияда коронавируска каршы биринчи эмдөө өткөн жылы декабрда жасалган. Эмдөө алган жарандардын күбөлүктөрү дагы деле жарактуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан