Социалдык өнүгүү министрлиги: “Токмоктогу №2-жатак үйүнөн 2 баланын сатылышы боюнча комиссия түзүлгөн”

Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-ноябрда “Токмоктогу №2-жатак үйүнөн 2 баланын сатылышы боюнча атайын комиссия түзүлгөндүгүн билдирди.  

Министрликтин өкүлү Нарынкүл Эшенкулова баш болгон комиссия бир катар иштерди жүргүзүптүр. Белгилүү болгондой, бул ишке мекеменин директорунун күнөөсү бар экени аныкталды. "Комиссия жакынкы күндөрдөгү коллегиялык жыйында аталган ишти кароого киргизип, директорду кызматтан алуу чечими кабыл алынышы мүмкүн" деп жазылат билдирүүдө. 

 

Эске салсак, буга чейин аталган жатак-үйдөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 2 баланын орусиялык жаранга 500 долларга сатылганы айтылган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан