Маркум Бакыт Букаевдин сөөгүн туугандары туулуп өскөн айылына алып кетишти

Белгилүү болгондой, тамада, шоумен жана журналист Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапты. Анын сөөгү 13-ноябрда өзү жашаган батирде табылды. Маркумдун сөөгүн жакындары бүгүн туулуп өскөн айылына алып кетишти. Эртең, 15-ноябрда туулган айылында жерге берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакындары маалымдашты.  

 

Бакыт Букаев Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун телеканалда иштеп баштаган. Соңку жылдарда той, кечелерди алып барып, тамадалык кылуу менен алектенип келген. 

  

44 жаштагы Бакыт Букаев Ысык-Көл облусунун Темир айылында туулуп өскөн. Анын артында энеси, бир туугандары, жубайы жана эки баласы калды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан