Ирландиялык аралаш мушташ чебери (ММА) Конор Макгрегор машыгууга кайтуу мөөнөтүн белгиледи. Бул тууралуу мушкер Твиттер баракчасына билдирүү жасады.
Билдирүүгө ылайык, 33 жаштагы Макгрегор 2022-жылдын жазына чейин жаракатынан толук айыгуусун күтүүдө.
"Биз апрель айында ММА боюнча спаррингди кайра баштайбыз, мындан ары спортко кайтып келүү сөзсүз болот!", - деп жазган ал.
Ошондой эле ал UFC мелдешин кайра улантуу ниетин гана эмес, титул үчүн күрөшүүнү каалай турганын билдирди. Америкалык Майкл Чандлер менен Макс Холлоуей да ирландиялык мушкер менен беттешүүгө үмүттөнүүдө.
Белгилей кетсек, Конор Макгрегор жайында Дастин Порье менен болгон беттеште жаракат алган. Анда ал биринчи раундда бутун сындырып алып, мушташууну уланта алган эмес.