Илим Карыпбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Коомдук биринчи каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Илим Карыпбеков шайланды. Мындай чечим кеңештин 13-ноябрдагы жыйынында кабыл алынып, Карыпбековго Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн 12си "макул" деп добуш беришти. Жобого ылайык, Байкоочу кеңештин төрагасы жыл сайын алмашып турат. Буга чейин бул кызматта Фархат Бекмамбетов иштеп келген.

 

Илим Карыпбеков 34 жашта. Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин, андан соң 2005-2007-жылдары Варшавадагы адам укуктары боюнча жогорку мектепти аяктаган. Учурда Юридикалык академияда, Борбор Азиядагы Америка университетинде, ошондой эле Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында окутуучу. "Медиа полиси" коомдук уюмунун негиздөөчүсү.  

2009-2010-жылдары президенттин катчылыгында референт, андан соң коомчулук менен байланыш кызматын жетектеген. Кийин "Альфа Телекомдун" тышкы башкаруучусу болгон жана "Де-факто" гезитинин кожоюну. Азыркы учурда "Манас" аэропортунун президентинин кеңешчиси.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан