Асылбек Жээнбеков Якутиянын Мамлекеттик Жыйынынын төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 14-ноябрда Якутиянын Мамлекеттик Жыйынынын төрагасы Александр Жирков менен жолугушту.

 

Жээнбеков А.Жирковду төрагалык кызматка шайланышы менен куттуктап, Саха республикасынын (Якутия) делегациясына “Чыңгыз Айтматов жана анын Ысык-Көл форуму: маданият диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу” эл аралык форумуна катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Жирков төрагага Эл аралык форумдун алкагында Якутиянын делегациясы Ч.Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” спектаклин тартуулай турганын айтты. Ал аталган спектакль өз учурунда СССРдин эң жогорку Ленин сыйлыгына ээ болгонун эскерип, спектаклди Ч.Айтматовдун өзү да көргөндүгүн кошумчалады. Ушу тапта “Манас” эпосу якут тилине которулуп жатканын, анын 2014-жылы басылып чыгарын айтты.

 

Тараптар аймактык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин да талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан