Тайырбек Сарпашев: “Өлкөдөгү 880 от казан үч жылдык долбоордун негизинде оңдоп-түзөөдөн өтөт ”

14-ноябрда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Чүй облусундагы ишканалардын кышка даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Анда өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлү Кубанычбек Кулматов баяндама жасады.

“Токмок, Кара-Балта, Кант шаарларындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштады. Бардык от казандар текшерүүдөн өткөн,  аларда эч кандай мүчүлүштүктөр жок”,- дейт Кулматов.

 

Ал эми вице-премьер-министр Сарпашев от казандарды мазуттан көмүргө өткөрүү маселесине да токтолду. 

“2013-жылы Чүй облусундагы 8 от казан көмүргө өткөн. Буларга жалпы 24 миллион сом сарпталган. Бул ишти дагы улантыш керек”,- деди ал.

 

Сарпашев өлкөдөгү 880 от казан үч жылдык долбоордун негизинде оңдоп-түзөөдө өтөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан