Америкалык модельер, Louis Vuitton компаниясынын креативдик директору жана Off-White брендинин негиздөөчүсү Виржил Абло залалдуу шишик дартынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, дизайнер 41 жашта болгон. Ага 2019-жылы "жүрөктүн ангиосаркомасы" деген диагноз коюлган, бирок анын коркунучтуу жана сейрек кездешүүчү оору менен күрөшүп жатканы коомчулукка ачыкка чыкпай келген.
Виржил Абло 2018-жылы Louis Vuitton брендинин эркектер линиясынын креативдүү директору кызматына чакырылган. Натыйжада бренддин кийинки жылдагы соодасы 20 пайызга өскөнүн билдирген. Муну менен ал мода үйүндө кызматка келген биринчи теги африкалык дизайнер болуп калды.
Ал эми Виржил Абло өзү 2018-жылы Time журналына дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын катарына кирген. 2019-жылы Чикагодогу заманбап искусство музейинде Виржил Аблонун искусство, дизайн жана музыка жаатындагы эмгектеринин көргөзмөсү өткөн.
Мода дизайнеринин артында жубайы жана эки баласы калды.