14-ноябрда Кыргызстанга Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, Евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий баштаган 14 адамдан турган Орусиянын делегациясы келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.
Иш сапардын максаты – Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети менен биргелешкен жыйын өткөрүү.
Кыргызстан менен Орусия парламенттеринин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйыны бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратында өтөт. Жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу, Кыргызстандын аймагында орусиялык энергодолбоорлорду ишке ашыруу ошондой эле Кыргызстандан Орусияга барган эмгек мигранттарынын маселесин талкуулоо пландаштырылууда. Орусия Федерациясынын парламенттик делегациясынын бул иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушуусу пландаштырылган.
Ошондой эле делегация “Чыңгыз Айтматов жана Ысык-Көл форуму: маданият диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу” эл аралык форумунун ишине катышат.