КМШ миссиясынын байкоочулары өлкөдөгү парламенттик шайлоого баа беришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, КМШнын байкоочулары өлкөдөгү парламенттик шайлоо мыйзам чегинде, ачык жана айкын өттү деп белгилешти.
"КМШнын байкоочулар миссиясы 28-ноябрдагы шайлоо республиканын конституциясына жана конституциялык мыйзамдарына ылайык өттү деген тыянакка келет. Алар альтернативдик негизде, эркин, ачык жана айкын өттү. Демократиялык шайлоонун бардык талаптарына жооп берди", - деп белгиледи КМШ миссиясынын башчысы Василий Волков.