Улуу Британияда дүкөн жана башка мекемелерде, ошондой эле коомдук транспортто бет кап тагынуу 30-ноябрдан тарта коронавирустун омикрон аталышындагы жаңы штаммынын жайылышына байланыштуу милдеттүү болот. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо департаментине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Өкмөт Британияда жаңы омикрон COVID-19 штаммынын жайылышын алдын алуу боюнча убактылуу чаралар шейшемби күнү күчүнө кирерин тастыктады. 30-ноябрда саат 4:00дөн баштап дүкөндөрдө жана банк сыяктуу башка мекемелерде бет кап тагынуу милдеттүү болот", - деп айтылган Саламаттыкты сактоо министрлигинин британ өкмөтүнүн сайтында жарыяланган билдирүүсүндө.