Украинада сабак учурунда класстык бөлмөнүн шыбы урап түштү

Украинанын Одесса шаарындагы орто мектептердин биринде класстык бөлмөнүн шыбы сабак учурунда урап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылат.

Маалыматта айтылгандай, кырсык бүгүн, 29-ноябрда №111 мектепте болгон. Анда шып информатика сабагы учурунда окуучулардын үстүнө урап түшкөн. Анын кесепетинен бир окуучу жабыркаган. Кырсыктын келип чыгуусуна чатырдагы тешиктер жана жамгыр себеп болгону айтылууда. Бул окуядан кийин окуучулар башка окуу корпустарына которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан