Парламенттеги КСДП фракциясынын 15-ноябрдагы жыйынында депутат Данияр Тербишалиев Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Каныбек Нарбаевдин “Ататүрк” сейил багынын аймагында жер тилкеси бар экенин айтып чыкты.
“Сиздин өзүңүздүн “Ататүрк” сейил багында жериңиз бар, аны кызыңызга каттатып койгонсуз. Эгер сейил бак аймагынан жер берүүгө каршы күрөшө турган болсок, өзүбүздөн баштайлы”,- деди Тербишалиев аталган аткаминерге кайрылып. Нарбаев бул маалымат жалган экенин айтты: “Жеке менин ал аймакта жерим же үйүм жок. Кызымдын жер тилкеси бар, бирок ал жерге эч кандай курулуш курулган эмес”,- деди ал.
Айта кетсек, жыйында сейил бак аймагынан мыйзамсыз жерлерди берүү маселеси каралды.