Журналист АКШнын сулуусу болуп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кентукки штатынын журналисти Элле Смит "Miss USA 2021" сынагынын жеңүүчүсү аталды. Смит 2020-жылы Кентукки университетин теле, радио жана интернет журналистикасы адистиги боюнча бүтүргөн. Эми Кошмо Штаттардагы эң сулуу кыз жергиликтүү америкалык WHAS11 телеканалынын жүзүнө айланды.
Студент кезинде ал теги африкалык журналисттердин улуттук ассоциациясынын (NABJ) вице-президенти болгон. 12-декабрда журналист Израилде өтө турган “Аалам сулуусу-2021” эл аралык сынагында АКШнын атынан чыгат.