Белгилүү "Поле чудес" көрсөтүүсү мындан ары эфирге чыкпай турганы белгилүү болду

Орусиялык белгилүү "Поле чудес" долбоору эфирге чыкпай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Биринчи канал "Поле чудес" долбоорун тарткан "ВИД" телекомпаниясы менен келишимди узартпоону чечкен. Анын ордуна шоуну жаңы форматта тартуулоону көздөп жатышат.

Телеканалдын жетекчилиги мындай чечимди "каналга сунушталган өзгөргөн шарттар боюнча жаңы келишим түзүү максатка ылайыксыз" деп түшүндүргөн. Ал эми шарттарда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканы тууралуу маалымат айтылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
BISHKEK-312
2021-11-30 20:53:03
Туура эле кылат чыгарбай, бул качанкы проект, эми жаңылануусу керекта, кызыгы деле кетип калган.
-9
nazira...
2021-11-30 21:10:17
BISHKEK-312, бирок карапайым эл кызыгуу менен көрөт эле. Билбейм эми балким сонун кылып өзгөртүшөөр.
+10
uli95
2021-12-01 15:24:40
BISHKEK-312,Жаны жылдан кийин "БИЗДИН ПОЛЕ ЧУДЕС"болуп эфирге чыгат экен. Алып баруучу алмашышы мумкун деп жазышууда.Якубвич азырынча озу чыгат экен. Маалымат туура эмес
0
muku.85
2021-11-30 21:07:29
Менин оюмча поле чудестин кызыгы эч качан кетпейт эгер Якубович эле алмашпаса
+15
Datka7777
2021-11-30 23:38:36
Берген белектер уже озун актабай калды! Телевизор берет, аны любой магазинден 25 мин рублге сатып аласын, компьютер беришет 35 минге аласын, башка бытовой техникалар да ушундай. Машина деле анча болбой калды.
-4
uli95
2021-12-01 15:24:18
Жаны жылдан кийин "БИЗДИН ПОЛЕ ЧУДЕС"болуп эфирге чыгат экен. Алып баруучу алмашышы мумкун деп жазышууда.Якубвич азырынча озу чыгат экен. Маалымат туура эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан