Япониянын калкынын саны 2015-жылдан 2020-жылга чейин дээрлик 1 миллионго чейин азайды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Административдик иштер жана коммуникация министрлиги жүргүзгөн калкты каттоо процессинде белгилүү болгондугун чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын октябрь айына карата Япониянын калкынын саны 126 миллион 14 миң адамды түзгөн. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 949 миң адамга аз дегенди билдирет.
Өзгөчө эмгекке жарамдуу жарандар жана 14 жашка чейинки жаш балдардын санынын азайышы (акыркы 5 жыл ичинде) байкалган.
Ошондой эле бул өлкөдө үй-бүлө мүчөлөрүнүн азайганы да айтылат. Мындан тышкары Японияда калктын басымдуу бөлүгүн кары-картаңдар түзүүдө. Эмгекке жарамдуу жаш адамдардын саны жыл сайын кыскарууда. Эксперттердин божомолу боюнча, 2065-жылы өлкөдө калктын саны 88 миллион адамды түзөт жана алардын 38 пайызы 60 жаштан жогорку курактагыларга туура келет.