Казакстандын Улуттук банкы Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган 20 миң теңгелик юбилейлик банкнотту жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жүгүртүүгө 3 миллион даана банкнота чыгарылган. Юбилейлик банкнотто 27 коргоо элементи бар. Банкноттун дизайны жүгүртүүдөгү башка банкноттордун стилинде жасалган: Алдыңкы бетинде республиканын мамлекеттик символдору, улуттук оюм-чийимдин фрагменттери, триумфалдык арка жана Казак Эли монументи сыяктуу символикалык объекттер жайгашкан. Арткы бетинде Нур-Султан шаарынын жана президенттин Акорда резиденциясынын панорамалык көрүнүшү бар. Ал эми банкнотанын эки тарабында тең Назарбаевдин өзүнүн элеси түшүрүлгөн.