Океанияда жайгашкан Тувалу арал мамлекети суу каптоо коркунучунан улам көчүүгө аргасыз болууда. Бул тууралуу аталган мамлекеттин тышкы иштер министри Саймон Коффиге таянуу менен чет элдик басылмалар жазды.
Министрдин айтымында, Тувалу бийлиги глобалдык жылуулукка байланыштуу эң начар сценарийди карап жатат. Бул аралдын аймагын океан каптап, жашоого жараксыз болуп калуу сценарийи.
Эгер бул ишке ашса, Тувалу климаттык кырсыктардан улам көчкөн дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп калат. Буга чейин беш миңдей тувалулук жаран Жаңы Зеландияга көчүп кетишкен. Бул мамлекеттин жалпы калкынын 50 пайызга жакынын түзөт.
Өлкө буга чейин эле ушундай кырдаалга даярдык көрө баштаган. Бийлик бул маселени эл аралык укуктун позициясында чечүүгө аракет кылууда.
"Биз жерибизди жоготсок дагы Тувалуну таануу үчүн өлкөлөр менен кызматташууга аракет кылып жатабыз. Ошондой эле биз башка жерде болсок да биргелешип аракеттене беришибиз үчүн санариптик улутту түзө турган технологияларды талкуулап жатабыз", - деген министр.