Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын каржы министри Лутфи Элвандын Түрк лирасынын долларга карата курсу тарыхый эң төмөнкү чегине түшүүнү улантып жаткандыгына байланыштуу кызматынан алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кызматтан алынган министрдин ордуна мурда министрдин орун басары болуп иштеген Нуреддин Небатинин дайындалган.
Кечээ, 1-декабрь күнү түрк лирасы 1 АКШ доллары үчүн 13,71 болуп, эң төмөнкү чегин жаңылаган. Түркиянын Борбордук банкы буга "Валюта курсуна карата байкалган туура эмес баадан улам" деп баа берип, түз валюталык интервенцияларды жарыялоо менен жооп кайтарган.
Буга чейин лира 2021-жылы өз наркынын 38 пайызын, анын ичинде өткөн аптанын башынан бери 17 пайызын жоготконкондугу кабарланган.
Лиранын долларга карата курсу быйыл 30 пайызга, ал эми төрт жылда 64 пайызга жакын төмөндөп, эки орундуу инфляция менен бирге Түркия жарандарынын кирешесине да таасир эткени айтылып, күйүүчү май кымбаттап, май куюучу жайларда узун кезек жаралган.