Каныбек Иманалиев “Борбордук Азияда Кыргызстан экинчи демократиялуу каганатты куруп жатат” деди

Бишкекте бүгүн, 15-ноябрда “Кыргыз каганаты орто кылымдагы мамлекеттүүлүктүн жана түрк элдеринин маданиятынын контекстинде” аттуу II эл аралык илимий жыйынында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев “Борбордук Азияда Кыргызстан экинчи демократиялуу каганатты куруп жатат” деп билдирди.  

 

Алгачкы кыргыз каганаты 1170 жыл мурун түзүлгөнүн айткан депутат: “Окумуштуулар эгемендүүлүктү көрсөткөн факторлорду айтышкан. Бул эркиндик, чек аралар жана эл аралык көз карандысыздык. IX-X кылымдарда кыргыз каганаты күчтүү жана эгемендүү мамлекеттин бардык белгилерине ээ болгон. Өзүнө тиешелүү аймак, чек ара, мыйзам, мамлекеттик аппарат, аскер, салык, коомдук нормалар жана салттар. Бүгүн биз жаңы, кубаттуу, ачык жана демократиялуу мамлекетти куруп жатабыз. Күчтүү мамлекетти куруу үчүн тарыхты билүү керек”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан