Германияда курулуш иштери жүрүп жаткан аймакта Экинчи дүйнөлүк согушта калып калган бомба жарылды. Жабыркагандар бар

Германиянын Мюнхен шаарындагы темир жол вокзалынын жанында Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги бомба жарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, жарылуу Борбордук темир жол вокзалына жакын жайгашкан Donnersbergerbrücke станциясынын жанында курулуш иштери жүрүп жаткан маалда болгон. Жарылуунун натыйжасында төрт адам жабыркап, поезддердин кыймылы убактылуу токтотулган. Мюнхен өрт өчүрүү кызматы адамдардын бири оор жаракат алганын билдирген.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Германиядан жылына 2 миң тоннадан ашык аскердик бомба жана ок-дарылар табылат. Бомба жана ок-дарылардын кээ бири 6 метр тереңдикте көмүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан