Коңшу Казакстандын Атырау облусунда балыкчылар адаттан тыш балык кармашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кармалган балыктын кылканы жок жана денеси жылан сымал былжырлуу болгон. Анын оозу дагы башкача түзүлүштө болуп, мүйүздүү тиштери бар. Жергиликтүү тургундар буга чейин мындай балык көрбөгөнүн айтышкан.
"Жаныбыздагылардын бирөө дарыядан эски өтүктү таап алып, аны суудан алып коюуну туура көргөн. Ошол өтүктүн ичинен бул жандыктар чыкты. Адегенде биз аларды жылан деп ойлогонбуз, бирок жакшылап карап чыккандан кийин бул жылан эмес, балык экенин түшүндүк. Алардын бир нечеси сойлоп кетишти. Биздин дарыядан мындай балыктарды көргөн эмеспиз. Биз буларды интернеттен издегенден кийин гана, алар минога балыктары экенин билдик. Бул балыктар негизинен Орусияда, Финляндияда, Латвияда, Швецияда, Эстонияда кездешет экен", - деген балыкчылардын бири Дмитрий Соколинский.
Миногa балыктары жоголуп бара жаткан жандыктар түрүнө кирет. Бул түрдөгү балыктын узундугу 10дон 100 сантиметрге чейин жетет. Бул балыктар адамдарга эч кандай коркунуч туудурбайт. Аны жесе болот. Бирок балыктын коркунучтуу көрүнүшүнөн улам аны көпчүлүк адамдар жебейт.