Харассмент же болбосо сексуалдык ыдык көрсөтүү деген эмне? Бул сексуалдык мүнөздөгү жагымсыз жана орунсуз “тийишүүлөр” – комплименттер, тамашалар, ымдоо-жаңсоолор, көз караштар, кадыр-баркка шек келтирген сөздөр, жыныстык катнаш менен алектенүүгө сунуштар, ошондой эле кармалап, кучактоо.
Ала качуунун курмандыгы болгон
18 жаштагы Бурулай Турдали кызы жана 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү эсиңиздеби? Чырактай курагында мыкаачы жигиттердин колунан каза тапкан 2 кыз харассменттин курмандыгы болушкан. Мындай кейиштүү жыйынтыкка кириптеген сексуалдык ыдык көрсөтүү көйгөйүнө бөгөт коюу үчүн “Супер-Инфо” гезити 5 жумалык челендж жарыялайт. Эгер сиз харассментке кабылсаңыз WhatsApp`тагы 0770882719 номерине окуяңызды жазып жөнөтүңүз. Окуялар анонимдүү болоруна кепилдик беребиз. Ошондой эле социалдык тармактагы баракчаңызга #АчыкАйтам #Коркпойм #Тийишпе хештэгтерин колдонуп окуяңызды жазсаңыз болот. Бул социалдык долбоор Гендердик зомбулукка каршы уюштурулган кампаниянын алкагында демилгеленип жатат.
#АчыкАйтам
#Коркпойм
#Тийишпе
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы №991 санынан окуй аласыз.