Эртең, 16-ноябрда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 1938-жылкы репрессиянын 75 жылдыгына арналган эскерүү митинги өтөт. Ага шаар башчысы Иса Өмүркулов жана коомдук ишмерлер катышат. Саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү 1991-жылдан бери КМШ өлкөлөрүндө белгиленип келет. Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 10 миңдеген адамдар репрессиянын курмандыктары болушкан.