Парламенттеги “Республика” фракциясы “Кыргызгаз” ишканасын “Газпромго” сатуу боюнча макулдашууну колдогон жок. Мындай чечим фракциянын 15-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды. Фракция депутаттары бул тармак боюнча аукцион өткөрүлбөгөнүн, Кыргызстандын жерин башкага берүү туура эмес экенин айтып чыгышты. Жыйынтыгында кыргыз-орус өкмөттөрү ортосундагы макулдашуу колдоо тапкан жок.