Бишкекте Орусия менен КРнын депутаттары мигранттар маселесин карашты

Бишкекте бүгүн, 15-ноябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык мамилелер жана мекендештер менен байланыш комитети менен Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин биргелешкен жыйыны өтүүдө. Анда Мамдуманын аталган комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий: “Биз даярдыктан өткөн кыргызстандык эмгек мигранттарын көргүбүз келет. Алардын орус тилин билип, Орусия Федерациясынын жашоо шартына көнүшүп кетиши маанилүү”,- деп билдирди. 
 
Ошондой эле эмгек миграциясы тууралуу маселени биргелешип өткөргөн жыйында талкуулоо керектигин кошумчалады. “Канча жолу чогулсак да, ар бир жолугушууда эмгек миграциясы тууралуу маселе козголушу керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев менен да сүйлөштүк. 2013-жылы кызматташтык маселесин канчалык деңгээлде каралса, бул 2014-жылы коомчулук үчүн да, өкмөт үчүн биринчи кезекте карала турган маселе болуусу зарыл”,- деди Слуцкий.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан