"Талибан" кыймылынын лидери Хайбатулла Ахунзада Ооганстандагы аялдардын укугун коргоо тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу аталган кыймылдын басма сөз катчысы Забиулла Муджахид тарабынан маалым болгонун РИА Новости басылмасы жазып чыкты.
Андагы маалыматка ылайык, кыймылдын лидери Хайбатулла Ахунзада аялзаты ыйык жана эркин адам экендигин, алар кимдир-бирөөнүн менчиги эмес экендигин баса белгилеген.
"Эч ким аялдарды кайсы бир тынчтык келишимин түзүү үчүн же карама-каршылыкты токтотуу үчүн алмашуу катары колдонбошу керек. Аялдарды кордогондор Кудайдын каарына калат", - деген ал.
Ахунзада өз буйругунда кыз-келиндер өз келечегин өзү тандоого укуктуу экендигин айтып, аларды каалоосуна каршы, күч менен күйөөгө берүүгө тыюу салды. Ал ошондой эле жесирлерге күйөөсүнүн, атасынын, балдарынын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн үлүштөрүн мурастоо укугун берген.
Мындан тышкары Хайбатулла Ахунзада ведомстволорго, Жогорку Сотко жана жергиликтүү администрацияларга аялдардын укуктары боюнча жарандарга маалымат берүүнү тапшырды.