Москвада кыргыз-өзбек мушташы орун алып, 11 адам кармалды

Москвада Кыргыз жарандары менен Өзбек жарандарынын ортосунда мушташ орун алып, 11 катышуучу кармалды. Бул тууралуу орусиялык ТАСС басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кыргыз мигранттар Машкова көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосун кардан тазалап жатышкан. Ал эми өзбектер ошол эле үйдүн чатырын кардан тазалоо иштерин жүргүзүп жатышкан. Ортодогу жаңжал чатырдагы кар короонун тазаланган бөлүгүнө түшкөндөн улам келип чыккан.

"Коммуналдык кызматтагы жумушчулардын кечээки мушташынан кийин 11 адам кармалды. Алардын жетөө Кыргыз өлкөсүнүн, төртөө Өзбекстандын жарандары. Мушташтан 3 адам жабыркаган. Кармалгандарга "майда бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду", - деп жазылат басылманын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан