“Ата Журт” фракциясы 15-ноябрдагы жыйынында “Кыргызгаз” ишканасын орусиялык “Газпромго” сатуу боюнча макулдашууну колдогон жок. Депутат Мыктыбек Абдылдаев КРнын мыйзамы боюнча жер кен байлыктары менен мамлекеттин менчиги экенин айтты. Башка депутаттар да макулдашууну колдоого болбой турганын айтышып, документ ракциядан колдоо тапкан жок.